Милиция кызматкерлеринин кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматына 2000-жылы туулган Э. уулу Э. аттуу жарандан анын кармалышына катышкан милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери тууралуу арыз келип түшкөн. Аталган жаран буга чейин алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.
Арыз ээсинин далилдерин текшерүү учурунда айрым милиция кызматкерлери тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу белгилери менен бийликтен аша чабуу аныкталган. Бул факты боюнча Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренеси (Бийликтен аша чабуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүүлөр Октябрь райондук ИИБдин ыкчам кызматкерлери Т. у. И. жана У. А. У. — Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда окуянын бардык жагдайларын ар тараптуу жана объективдүү аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Ички иштер министрлиги өздүк курам арасында мыйзамдуулуктун жана кызматтык тартиптин сакталышын туруктуу негизде камсыз кылат. Ээлеген кызматына карабастан бардык адамдар мыйзам алдында жалпы негизде жоопкерчиликке тартылат.