Ысык-Көл облусундагы жол кырсык боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
«4-октябрь күнү саат 10:05 чамасында Лексус 300 автоунаасынын айдоочусу Чолпон-Ата шаарынын 1937-жылы туулган тургуну Балыкчы-Ананьево-Каракол автоунаа жолунун 26-чакырымынан, тагыраагы Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда рулга ээ боло албай жолдон чыгып, ала салып кеткен. Анын кесепетинен айдоочу өзү жана жанындагы жүргүнчү болуп бара жаткан 1940-жылы туулган жубайы экөө кырсык болгон жерден каза болушкан. Окуя Ысык-Көл РИИБдин кылмыш жана жоруктарды каттоо китебине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.
Милиция маалыматта берген инициал Рыспек Акматбаевдин атасы Абдымалик Акматбаевге туура келет.