Милиция таштандыга ташталган ымыркайдын энесин кармап, шектүү тергөө изоляторуна киргизилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан маалымдашты.
Ал жаңы төрөлгөн ымыркайды өлтүрүүгө аракет кылууга айыпталууда. 2002-жылы туулган А.С. аттуу шектүүгө карата аталган факты боюнча (жаңы төрөлгөн баланын энеси тарабынан өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды.
9-ноябрда Бишкекте таштанды челектен жаңы төрөлгөн ымыркай табылганы маалым болгон. Жерине барган милиция жаңы төрөлгөн ымыркайды тапкан. Саламаттыкты сактоо министрлигинен ымыркай Бишкектеги №1 төрөт үйүнө жеткирилгенин билдиришкен болчу.
SuperTV телеканалына баланы таап алып, Тез жардам кызматына өткөрүп берген пакистандык студент окуянын кандай болгонун айтып берген.