Милиция тойдо асманга ок чыгарган жигитти тапты. Окуя Ысык-Атада болгон

Милиция тойдо асманга ок чыгарган жигитти аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 

Конокторунун бири социалдык тармактардагы баракчасына үйдүн чатырына чыгып, тапанча менен ок чыгарган жигиттин кылыгын жарыялады. Кийинчерээк маалымат каражаттары окуя тууралуу жазып чыгышкан. Аталган факты Жоруктар кодексинин 121-беренесине ылайык каттоого алынган. Милиция текшерүү учурунда окуя 24-октябрда Ысык-Ата районунун Буденовка айылында болгонун аныктады. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, 1999-жылы туулган жигит агасынын тоюнда атасынын мылтыгын эки жолу асманга атканын айткан. Милиция текшерүүнү улантууда.