Милиция: «Токмоктогу мал базарда аксакалдын акчасын уурдаган жаран кармала элек»

Социалдык тармактын колдонуучулары Токмоктогу мал базарда аксакалдын акчасын уурдоого шектүү кармалганын жазып жатышат. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден маалымат калп экенин айтышты. «Кармала элек. Издөө жүрүп жатат», — дешти.

Буга чейин облустук милиция маалымат таратып, аксакал арыз жазганын, кылмыш иши козголгонун билдиришкен. Азыркы учурда жогорудагы коомчулукка резонанс жараткан кылмыштын бетин ачуу максатында Чүй облустук милициясынын кылмыш иликтөө башкармалыгынын тажрыйбалуу ыкчам кызматкерлери жана тергөөчүлөрү иш алып барууда.