Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү жөө адамды сүзүп, качып кеткен шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 30-июнда саат 22:20 чамасында белгисиз айдоочу авто унаа менен Бишкектин Курманжан Датка көчөсүнөн түштүк тарапка бара жатып, Ереванский көчөсүнүн кесилишинен 2001-жылы туулган жаранды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Натыйжада жөө жүргүнчү жабыркап, оор абалда ооруканага жеткирилген. Бул факты боюнча милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында орнотулган видео көзөмөлдүн жардамы менен 5-июлда кылмышка шектүү катары “Ваз-21150” үлгүсүндөгү авто унаанын 1981-жылы туулган айдоочусун аныктап, Бишкек шаардык милициясынын Тергөө кызматына өткөрүп беришти.
Ал эми шектүүнүн авто унаасы убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилген.