Бишкек шаарында Милициянын кайгуул кызматынын кызматтык унаасы оодарылып кеткен видео тараган.
Окуя боюнча аталган кызмат маалымат таратты. «Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгынын кызматкерлери кызмат учурунда 7-апрель көчөсүнөн чыгып, Медеров көчөсү менен бара жатканда, жолдун четинде токтоп турган Хундай жеңил унаасы унааны өткөрбөстөн, Мавлянов көчөсүнө бурулуу аракетин жасаган учурда, жол кырсыгына кабылган. Кайгуул кызматкери унаанын рулуна ээ боло албай, оодарылып кеткен. Жол кырсыгынан жаракат алгандар жок. Териштирүү иштери башталды», — дешти.