Социалдык тармактарда Милициянын кайгуул кызматынын кызматтык унаасынын үстүнө отуруп алган жарандын сүрөт, видеосу тарады. Окуя боюнча аталган кызматтан маалымат беришти.
Маалыматка караганда, «102» кызматына Чүй жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишиндеги мейманканалардын биринде мас жаран ызы-чуу салып жатат деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат кайгуул кызматкерлери барып, жол жээгине кызматтык унааны токтотуп, чакырууну тейлеп кирип кетишкен.
«Ошол учурда белгисиз эркек жаран кызматтык унаанын үстүнө отуруп, өзүн күзгүдөн карап, жосунсуз жоруктарды көрсөткөн. Азыркы учурда ал жаран изделип жатат. Жоопкерчилиги сөзсүз каралат», — дешти милициядан.
8-августта козголгон кылмыш ишинин алкагынд Жазык-процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык, 1962-жылы туулган И.Г. аттуу жаран кармалды. Алдын ала маалыматтар...
7-августта Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору, ошондой эле Кызматтын Нарын регионалдык...
Кечээ, 10-август күнү Чүй облусунун Панфилов районунда тоодогу өрттү өчүрүү иши кеч киргендигине жана тоонун боорунан таштар кулап, кооптуу болгондугуна...
Бишкектин чет жакасындагы Орок айылындагы тоо боорунан чыккан өрт кечээ, 10-августта саат 20:25те толук өчүрүлдү. ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын...
Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Орок айылында көрүстөндө ачык аянтта куураган чөптөн өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жеринде...