Милициянын унаасынын үстүнө отуруп, жосунсуз жорук кылган жигит саунадагы мушташта кармалды

Милициянын унаасынын үстүнө отуруп, жосунсуз жорук кылган жигит кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

«Кечээ, 14-ноябрда «102» кызматына чалуу түшкөн. Анда Чүй менен Карпинка көчөлөрүнүн кесилишинде саунада эки кыз урушуп жатканы айтылган. Экөө тең милицияга жеткирилген. Ошонун ичинде 1996-жылы туулган жигит болгон. Ал мурда милициянын унаасынын үстүнө отуруп алган жигит экени аныкталды. Учурда тергөө бөлүмүндө», — дешти.

Буга чейин социалдык тармактарда Милициянын кайгуул кызматынын кызматтык унаасынын үстүнө отуруп алган жарандын сүрөт, видеосу тараган. Милиция жигитти издеп жаткан.