«Добуш үчүн миң сом». Ошто шайлоочуларды сатып алууга шектүүлөр кармалды (сүрөт)

Ош шаарында шайлоочуларды сатып алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында, үгүт иштерине байланыштуу шайлоого катышып жаткан айрым партиялардын өкүлдөрү же расмий эмес өкүлдөрү тарабынан шайлоочулардын добуштарын материалдык баалуулуктарды берүү же болбосо таратуу же сатып алуу жөнүндө ыкчам маалымат аныкталган. Бул окуя боюнча тийиштүү материалдар Жазык кодексинин 192-беренеси (шайлоочунун добушун сатып алуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. 24-ноябрда Ош ШИИБдин кызматкерлери тарабынан талапкерлерди шайлоо боюнча «Ыйман Нуру» саясий партиясына добуш берүүсү үчүн ар бир шайлоочуну сатып алуу максатында акча каражаттары таратылгандыгы аныкталган.

«Ош шаарынын Автозоводская көчөсүнүн 39 жаштагы тургуну, “Ыйман Нуру” саясий партиясынын үгүттөөчүсүмүн деп өзүн тааныштырган жаран тергөө аракеттеринин жүрүшүндө аталган окуя боюнча суралды. Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө “Ыйман Нуру” саясий партиясында келишимдин негизинде үгүттөөчү болуп иштеп жаткандыгын жана 22-ноябда Алмагүл аттуу штаб башчысынан шайлоочуларды сатып алуу максатында 40 миң сом алгандыгын жана 24-ноябрда аталган акча каражаттарды Ош шаарынын Латипжанов көчөсүндө жашаган шайлоочуларга таркатып берип жаткан жеринде милиция кызматкерлери тарабынан кармалып калгандыгын тастыктап берген. Ошондой эле далил зат катарында жаран башкарып жүргөн Матиз үлгүсүндөгү унаасына кароо жүргүзүлүп, натыйжада унаанын ичинен 20 даана 500 сомдук купюра, 1 даана 50 сомдук жана 1 даана 20 сомдук купюрадагы акча каражаттары, 4 даана “Ыйман Нуру” саясий партиясына таандык үгүт баракчалары далил зат катарында алынган. Тергөөгө сурак берген жаран аталган акча каражаттарын шайлоочуларды сатып алуу максатында алгандыгын көрсөтүп жана айтып берген. Ал жаран менен бирге өздөрүн “Ыйман Нуру” саясий партиясынын үгүттөөчүлөрү деп тааныштырышкан дагы эки жаран кармалып, тергөөгө жеткирилген. Алар өз көрсөтмөсүндө Алмагүл аттуу штаб башчысынан үгүттөөчү катары айлык маянасы үчүн 10 миң сом жана шайлоочунун добушун сатып алуу максатында акча каражаттарын алгандыгын, ал акча каражаттарын Латипжанов көчөсүнүн тургунуна шайлоочуга добуш берүү үчүн беришкендигин билдиришкен. Сотко чейинки өндүрүш иштин алкагында кармалган жарандар жашаган батирлерине жана Туран кичи шаарчасынын Автозоводская көчөсүндө орун алган “Ыйман Нуру” саясий партиясына таандык болгон штабына тинтүү жүргүзүлүп ар түркүн багыттагы баракчалар, дептерлер жана акча каражаттары алынган», — деп айтылат маалыматта.

Ыкчам-тергөө аракеттеринин жүрүшүндө “Ыйман Нуру” саясий партиясынын штабынын жетекчиси аталган Алмагүл аттуу жарандын аты-жөнү аныкталып, анын 49 жашта экендиги такталган. Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө “Ыйман Нуру” саясий партиясынан депутаттыкка талапкердин үгүт иштерине жардам берип, штаб ачып ошол жерде жүргөндүгүн, ар бир шайлоочунун добушуна 1000 сомдон деп акча каражаттары ортомчу жарандар аркылуу жогоруда кармалган эки жаранга берилгендигин билдирген. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.