Миңдеген мал өлгөн Ак-Шыйрак айылына чөп жиберилди

Калың кардан улам жолдор жабылып калган Ак-Суу районуна чөп жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
4-июнда Ак-Суу районунун Ак-Шыйрак айылына 1200 түк чөп жиберилди. Жеткирүү ишине жалпы 6 оор техника тартылган.

29-30-май күндөрү кар калың жаагандыктан бир нече аймакта кар көчкү жана жер көчкү жүрүп, Ысык-Көл облусунун бир нече райондорунда жолдор жабылып, байланыш каттамдары үзүлгөн. Мындан улам жайлоого чыккан малчыларда тоют көйгөйү пайда болуп, миңдеген мал-жандыктары өлгөн.