Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азамат Дыйканбаев кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка караганда, ал «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында ири суммадагы акча талап кылуу фактысы менен кармалган.
«20-майда Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 3-бөлүмү (пара талап кылуу) боюнча кылмыш жасаган деп шектелип, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаев кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Жакынкы арада Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ага карата баш коргоо чарасын тандоо маселесин карайт», — деп айтылат маалыматта.
УКМК мөөнөтүн узартуу жөнүндө оң чечим алуу үчүн өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча «Коопсуз шаар» долбоорунун 2-этабын ишке ашырган чет элдик компаниянын өкүлүнүн өтүнүчү боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштаган болчу.
Азамат Дыйканбаев Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри болуп 5-майда эле дайындалган болчу.