Мирлан Таалайбековго (Царикаев) кол салуу боюнча төрт шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Бул тууралуу Ленин РИИБден билдирип, алар 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экендигин кабарлашты. Кармалгандардын баары 28 жашта жана алар мас абалда болгондугу айтылды.
Окуя 24-октябрда саат 01:30 чамасында болгон. Бишкек шаардык Муниципалдык инспекциясынын башчысы Мирлан Таалайбеков аялы менен автоунаасында кетип баратканда Toyota үлгүсүндөгү унаа келип сүзгөн. Автоунаадан эки киши чыгып, ага дагы экөө кошулган. Алгач алар сөз менен тартышып, андан соң Таалайбековду караңгы жерге алып барышып, сабашкан. Анын жаагы жана тиши сынган, башы, буту-колунан жаракат алган.











