«Мойнуна бычак такап…» Сузакта «Пахир Калла» каймана аттуу кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Жалал-Абадда бейбаштыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Милицияга Сузак районунун 31 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, 17-январь күнү Сузак районунда жайгашкан устаканасына Баха аттуу жаран келип, колундагы бычагын мойнуна такап, балка менен бутуна, кабыргасына уруп “100 миң сом акчаны коюп кой” деп коркуткандыгын билдирген.

Аталган факты Жалал-Абад ОИИБге Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Кызматкерлер тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган, Сузак районундагы өзбек диаспорасынын кылмыш чөйрөсүндөгү лидери Пахир Калла каймана аттуу Сузак районунун тургуну кармалды. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө ал мурда адам өлтүрүү жана башка бир нече беренелер менен соттолгондугу белгилүү болгон. Ал камакка алынды. Баш коргоо чарасы бүгүн, 7-февралда Жалал-Абад шаардык сотунда каралат.