Молдовановкадагы түрмөдөн качып кеткен аял Бишкектен табылды

Бишкекте Молдовановкадагы колониядан качып кеткен аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымат боюнча, 39 жаштагы жаран колониядан февраль айында качып кетип, издөөдө жүргөн. Факты катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 349-беренеси «Абактан же камактан качуу» боюнча иш козголгон. Аял кечээ, 28-июнда табылып, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлерине өткөрүп берилди. Социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда кармалган адам башка бирөөнүн мүлкүн уурдаган деп шектелгени белгилүү болду.