Мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүк товарларды сактоо жана сатуу фактысы аныкталды (сүрөт, видео)

Мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүк товарларды сактоо жана сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралардын жүрүшүндө, республиканын түштүк аймагында мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды өзгөчө чоң көлөмдө сактоо жана сатуу фактысы аныкталды.

«Такталган боюнча, мөөнөтү өтүп кеткен ар кандай азык-түлүк товарлар «R.G. Company» ЖЧК жана «М.И. Компани» ЖЧКсына таандык экени аныкталды. Мөөнөтү өтүп кеткен азыктар Орусия, Казакстан, ошондой эле Бишкектен келип турган», — деп айтылат маалыматта.

30-сентябрда кампанын имараттарын тинтүү учурунда, жарактуулук мөөнөтү узартылган көптөгөн продуктуларды сактоо фактысы (балдар тамак-ашы, конфеттер, печенье, торттор, сүт азыктары жана башка) аныкталган. Мындан сырткары, мөөнөтү өтүп кеткен азыктардын мөөнөтүн атайын химиялык каражаттар менен узартып турушкан. Мөөнөтү өтүп кеткен товарларды алгандан кийин бул компаниялардын кызматкерлери мамлекеттик органдар тарабынан кандайдыр бир текшерүүлөр болуп калса, товарларды жокко чыгаруу жасалма кабыл алуу жана берүү актысын түзүшкөн. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, бул компаниялардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнүн көмүскө кирешеси күнүнө 2 миллион сомдон ашык сумманы түзгөн.