Москва районунда мектепти өрттөөгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
8-январда Москва РИИБге мектеп директору арыз менен кайрылган. Ал таңкы саат 04:30 чамасында Москва районунун Ак-Суу айылында жайгашкан мектептин имаратына белгисиз адамдар кирип, эшиктерин талкалап, 2-3-кабаттарда жайгашкан бөлмөлөрдүн пардаларын өрттөшкөнүн айткан.
Бул факттын негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү катары мурда соттолгон, 1998-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кылмыш иши боюнча бардык зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.