Москвада 22 жаштагы кыргыз жана тажик жигиттер кармалды. Алар сойкулук менен алектенген делүүдө

Москвада Кыргызстан менен Тажикстандан барган трансгендер сойкулар жайгашкан сойкукананы жабышты. Бул тууралуу Mash-Telegram каналы жазды.

Орусиялык басылманын маалыматына караганда, 22 жаштагы жигиттер Москвага иштегени келишкен. Алар кардарлардан саатына 5-6 миң рубль алып турган. Кармалгандар Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренеси (сойкулукту уюштуруу) менен айыпталып жатат.