Abank
SerepTV Logo

Москвада 4 жашар кыргызстандык бала оор жаракаттар менен ооруканага түштү

Москвада 4 жашар кыргызстандык бала оор жаракаттар менен ооруканага түштү
Москвада кичинекей кыргызстандык экинчи кабаттын деңгээлиндеги бийиктиктен кулап кетип, оор жаракаттарды алды. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. Кырсыктын видеосун калаа прокуратурасы социалдык тармактарга жарыялаган. Маалыматта Москванын прокуратурасы шаар түштүгүндөгү соода борборунда 4 жаштагы баланын кулап түшкөнү боюнча териштирүү иштерин баштаганы айтылат. «Алдын ала маалыматка караганда, 3-мартта Кировоградская көчөсүндөгү соода борборунда 4 жаштагы уул бала өз алдынча сейилдеп жүрүп, өйдө бараткан эскалаторго сырткы тарабынан асылып алып, экинчи кабаттын деңгээлине чейин көтөрүлгөн. Андан соң кулап түшкөн», — деп билдиришкен прокуратуранын басма сөз кызматынан.
data-instgrm-version="13">
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

target="_blank" rel="noopener noreferrer">Публикация от ПРОКУРАТУРА МОСКВЫ (@mosproc.ru)

Алардын айтымында, бала ар кандай жаракаттар менен медициналык мекемеге жеткирилген. Учурда ал баш сөөгү сынып, мээси жабыркап, көкүрөгүнөн алган жабык жаракаттар менен шаардык балдар ооруканасында жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ошондой эле орус ЖМКлары баланын апасы 25 жаштагы кыргызстандык аял экенин жазып чыгышкан.
Unknown Author

Өзгөчө кырдаалдар министри сел жүргөн Баткенге барып, жеринде түзүлгөн кырдаал менен таанышты

02:38 04.05.2026

Касансай дарыясынын суусу көтөрүлүп, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жолу жабылды

09:44 04.05.2026

Минкаб башчысы Ош, Жалал-Абад жана Баткенде сел жүрүшүнө байланыштуу кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү

10:03 04.05.2026

Селден жабыркаган региондордо санитардык-эпидемиологиялык кырдаал туруктуу

08:47 04.05.2026

Мэрия Бишкекте түтүктөрдөгү авариялык жарылууларды жоюу тууралуу маалымдайт

03:02 04.05.2026

Баткенде сел: Тургундар эвакуацияланып, өзгөчө кырдаал киргизилди

05:16 03.05.2026

Минкаб башчысы Ош, Жалал-Абад жана Баткенде сел жүрүшүнө байланыштуу кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү

10:03 04.05.2026

Касансай дарыясынын суусу көтөрүлүп, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жолу жабылды

09:44 04.05.2026

Селден жабыркаган региондордо санитардык-эпидемиологиялык кырдаал туруктуу

08:47 04.05.2026