Москвада 14 жаштагы 7-класстын окуучусу төрөдү. Ал зордукталгандан кийин боюна бүтүп калганын айтып, бул үчүн кыргызстандык курдашын күнөөлөп жатат. Mash-Telegram каналынын маалыматы боюнча, кыз ата-энеси менен жашайт.
Кыз ата-энеси менен соода борборуна барып, ал жерден кыз ичи ооруп жатканын айткан. Окуя болгон жерге Тез жардам кызматы чакырылып, өспүрүм ооруканага жеткирилген. Кыздын кош бойлуулугунун сегизинчи айында экени белгилүү болгон. Дарыгерлер экөөнү тең сактап калуу үчүн кесарево жолу менен төрөтүү зарылдыгын айтышкан. Ымыркай менен мектеп окуучусу учурда ооруканада.
Жаш эненин айтымында, спорт аянтчасында ал Бека аттуу балага жолугуп, андан соң ага каршылык көрсөтө албай калганын айткан. Полиция аны табууга аракет кылган, бирок ал Кыргызстанга качып кеткени аныкталган. Учурда укук коргоо органдары иликтөө иштерин жүргүзүп, кыздын ата-энесине өз милдеттерин так аткарбагандыгы үчүн административдик иш козголду.