Москвада Кыргыз жарандарынын катышуусунда дагы массалык мушташ катталды

Москвада Кыргыз жарандарынын катышуусунда дагы массалык мушташ катталды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, мушташ 9-январда Гжельский тилкесинде болгон жана ага он чакты Кыргызстан, Өзбекстан жана Чечнянын жарандары катышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, мушташка катышкандардын биринин чөнтөгүнөн телефонун уурдоо аракети чырга себеп болгон. Мушташтан улам эки адам бычактан жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Үч кишини териштирүү үчүн полиция бөлүмүнө алып барышкан. Полиция кызматкерлери тарабынан тапанча, ок-дары жана эки бычак алынган. Факты боюнча эки кылмыш иши козголду.