Москвада кыргызстандык аялын бычактап өлтүрүп, анын курбусу менен кайненесин өлтүрүүгө аракет кылууга шектелип жатат

Москвада кыргызстандык жаран аялын бычактап өлтүргөн соң, аялынын курбусу менен кайненесин өлтүрүүгө, андан соң өз жанын кыюуга аракет кылганын Орусиянын Москва шаары боюнча тергөө комитетинен билдиришти.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 27-март күнү Москва шаарынын Большая Черкизовская көчөсүндөгү батирдин биринде 1999-жылы туулган Кыргыз жараны уруша кетип, аялын бычактап өлтүрүп, андан соң курбу кызы менен жубайынын апасына бычак менен кол салган. Ошондой эле өзүнө да бычак сайган. 

Учурда айыпталуучу ооруканага жеткирилип, ага медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Дарыгерлердин уруксатынан кийин ал борбор калаадагы Тергөө комитетинин бөлүмүнө жеткирилип, тергөөчүлөр аны суракка ала башташат.  Аталган факты боюнча адам өлтүрүү жана эки же андан көп адамды өлтүрүүгө аракет кылуу беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.