Москвада «Крокус сити холл» концерттик залында болгон теракт жөнүндө сүйлөшкөнү үчүн Кыргыз жараны кармалганы боюнча ТИМ маалымат берди.
«Кыргыз жаранына карата Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 1-беренесинин 205.2-бөлүгү (терроризмди ачык актоо) боюнча кылмыш иши козголгондугу тууралуу алгачкы маалымат Орусиянын компетенттүү органдарынын өкүлдөрүнөн алынган.
Москвадагы дипломатиялык өкүлчүлүк жогорудагы кылмыш иши боюнча алдын ала тергөөнүн жүрүшү тууралуу толук маалымат алуу үчүн тергөө органдарына тиешелүү суроо-талаптарды жөнөткөн. Ушуга байланыштуу, козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган мекендешке зарыл болгон учурда элчилик тарабынан консулдук-укуктук жардам көрсөтүлөт«, — дешти.
Жогорудагы маселе Тышкы иштер министрлигинин жана элчиликтин көзөмөлүндө турганын да билдиришти.










