Москвада кыргызстандык жигит оорукананын терезеси аркылуу полициядан качып кетти

Москвада кыргызстандык мигрант Балашихадагы оорукананын терезеси аркылуу полициядан качып кетти. Анын колунда кишени бар болчу. Бул тууралуу Орус ЖМКлары жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, жаран Кыргызстандын ИИМи тарабынан издөөдө жүргөн.

Маалым болгондой, 29 жаштагы Акмалжан Гапуржанов медициналык кароодон өткөрүү үчүн ооруканага жеткирилип, андан соң ал СИЗОго киргизилиши керек болчу. Мигрант дааратканага барууну суранган, полиция анын колуна кишен салып, качпайт деп макул болгон. Бирок кармалган адам терезеден чыгып, изин жашырып кеткен. Москва облусунун милициясы Акмалжан Гапуржановду кайрадан издөөгө алды.