Москвада кыргызстандык таксистке ок атылды (видео)

Москвада Кадиллак үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу кыргызстандык таксистке ок чыгарды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Ок Большая Садовая көчөсү менен Тверская Заставанын ортосунда, Бресттин экинчи көчөсүндө чыгарылган. Алдын ала маалыматтарга караганда, Кадиллактын айдоочусу окту жаңжалдашкан адамга каратып аткан. Андан кийин ал окуя болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу шаардык ооруканага жеткирилген.

Шектүү кармалган. Дмитрий Махалов бир нече жолу соттолгон — 2009-жылы уурулук үчүн, 2017-жылы жаранга отвертка менен кол салып, ден соолугуна оор залал келтирген. «112»-Telegram каналы 43 жаштагы Дмитрий Махаловго таксисттин айдоо стили жакпай калганын жазды. Ал унаадан чыгып, 34 жаштагы Алманбет Абдрахманов менен мушташып, травматикалык тапанчасын алып чыгып, бир нече жолу ок чыгарган. Cadillac Escalade үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу атаандашына биринчи жардам көрсөтүүгө аракет кылып, бирок кийин из жашырган. Азыр окуя болгон жерде полиция иштеп жатат.