Москвада кыргызстандыкты кран басып калып, көз жумду

Москвада Кыргыз жаранын крандын мунарасы басып калып, көз жумду. Бул тууралуу “МК” басылмасы жазып чыкты.

Маалым болгондой, окуя бир күн мурун Анна Ахматова көчөсүндө болгон. Курулушта крандын мунарасы кулап түшүп, анын кесепетинен 28 жаштагы Кыргыз жараны ошол жерден каза болгон. Дагы бир 25 жаштагы жаран алдында калып калган. Ал чыгарылып, ооруканага жеткирилген.