Москвада Тажикстандын өтүнүчү менен Кыргыз жараны кармалды

Кыргызстандын 40 жаштагы жараны тажик бийлигинин өтүнүчү менен Москвада кармалганын жергиликтүү ЖМКлар анын бир тууганына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Тажикстан Кыргыз жаранын чек арадагы жаңжалга катышкан деп негизсиз айыптаган.

Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги маалымат таратып, Кыргыз жаранынын кармалганын тастыкташты. «25-февралда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкери милиция бөлүмүнө барган, анын жүрүшүндө анын кармалгандыгы тууралуу факты аныкталды. Учурда элчилик тарабынан аталган Кыргыз жаранынын кармалышынын жагдайын тактоо жана тез арада бошотуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Министрлик бул маселени өзгөчө көзөмөлүнө алды», — деп айтылат маалыматта.