Москвадагы массалык мушташтан кийин 20 жаштагы Кыргыз жараны кармалды

Москвадагы массалык мушташтан кийин 20 жаштагы Кыргыз жараны кармалды. Андан тышкары, дагы 2 Кыргыз жараны административдик жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

9-январда Москвада Кыргыз жарандарынын катышуусунда дагы массалык мушташ катталган. Мушташтан улам эки адам бычактан жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Үч кишини териштирүү үчүн полиция бөлүмүнө алып барышкан.