Бишкекте мотоцикл айдап бара жаткан адам токтоп турган унаага урунду (видео)

Бишкек шаарындагы Лев Толстой көчөсүндө мотоциклчен адамдын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Ал бурулуу үчүн кезек күтүп турган Тойота Камри үлгүсүндөгү автоунаага урунган. Кырсыктын чоо-жайы, жабыркаган адамдын абалы тууралуу маалымат такталууда.