Чүйдүн Москва районунда адам өлтүрүүгө аракет кылган деген шек менен чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 23-февралда Москва РИИБге аймактык ооруканадан кабар түшкөн. Анда 1985-жылы туулган жарандын бычакталып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганы айтылган. Бул факты боюнча адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1986-жылы туулган чет өлкөлүк жаран кармалып, камакка алынды. Тергөөнүн жүрүшүндө төмөнкүлөр аныкталган.
Садовое айылында 22-февралда саат 20:30 чамасында эки жаран спирт ичимдигин ичип отурушкан. Ортосунда пикир келишпестик болуп, бири экинчисин канцелярдык бычак менен менен мойнуна сайган. Аталган окуя боюнча тергөө уланып жатат.









