Мугалим сабаган кыздын апасы: «Дарыгерлер кызымдын баш-мээси чайкалганын айтышты»

Мугалим бетке-башка сабаган 7-класстын окуучусунун баш-мээси чайкалганы маалым болду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине окуучу кыздын апасы Шаиргүл Хусанова билдирди.

«Кызымды Жалал-Абад шаардык ооруканасына алып барып, балдар хирургуна, дагы башка врачтарга көрсөттүк, рентгенге тарттырдык. Колу-буттары бир аз көгөрүп калыптыр. Дарыгерлер баш-мээси чайкалганын айтышты. Азырынча ошондой жыйынтык чыгарып беришти. Мугалимдерден же директор же класс жетекчиси кабар алып коюшкан жок. Эртең невропатологго да көрсөтөбүз. Кызым ооруканада дарылануусун улантып жатат. Бүгүн бир эле уколу 1900 сомдон ашык акчага сатып бердим. Калгандары өзүбүздө бар деп жатышат. Бирок мындан ары кандай болот, билбейм. Кайра эле өзүбүз жабыр тартып жатабыз», — дейт Шаиргүл айым.