«Муниципалдык унаа токтоочу жай жана базарлар» муниципалдык ишканасынын кызматкери административдик жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда Ленин РИИБден билдиришти.
Буга чейин жумушчунун заара ушатып жатканы тартылган видео тараган. Милиция аталган жаранга карата Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 126-беренеси («Майда бейбаштык») боюнча иш козголгонун билдирди. Ленин райондук соту аны үч суткага камакка алган.
Укук коргоо органдары мындай аракеттер жоопкерчиликке алып келерин эскертти.











