«Мурда адам өлтүрүп, соттолгон». Ошто издөөдө жүргөн шектүү кармалды

Каракчылык жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Ал мурда адам өлтүрүү жана баӊгизаттарды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн соттолгон. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Милиция кызматкерлери тарабынан ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары турган жаран Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашырынып жүргөн жеринен кармалды. Кармалган жаран Өзгөн районунда шериктери менен 1984-жылы туулган аялдын жашаган үйүнө кирип бара жатканда, эки колун жана оозун скотч менен чаптап, сумкасындагы 5 миң долларын тартып алышып, окуя болгон жерден изин жашырып качып кетишкен. Экөө кармалып, бирөөсү издөөдө жүргөн. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү мурдагы жасаган кылмышы үчүн жазасын өтөп жаткан жазасын толук өтөбөй, Ош шаарында жайгашкан жаза аткаруу мекемесинен дагы качып жүргөндүгү аныкталган. Ал үчүн дагы издөөдө жүргөн.

Ал 2-февраль күнү кармалып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Милиция кимдир бирөө бул жарандан жабыр тарткан болсо, 03222-4-82-82 телефон аркылуу байланышууну суранат.