Мурдагы жубайынын кулак-мурдун кескилеген шектүү. Чүй облустук сотуна апелляциялык арыз түштү

Прокуратура Азамат Эстебесовдун иши боюнча Чүй облустук сотуна аппеляциялык арыз жолдоду.

Жогорку Соттон маалымдалгандай, соттук отурум 1-апрелге белгиленген. 

Сокулук райондук сотунун 26-январдагы өкүмү менен мурдагы жубайынын кулак-мурдун кескен шектүү 80 миң сом өлчөмүндө айып салуу менен 20 жылга эркинен ажыратылган. Сот айыпталуучудан жабырлануучунун пайдасына 2 миллион сом өндүргөн.