Бишкек шаардык соту мурдагы экология министри Динара Кутманова менен анын уулунун бөгөт чарасын карап, райондук соттун камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, алар 5-октябрга чейин камакта болушат. Ал эми кылмыш иши боюнча соттук отурум Биринчи Май райондук соту тарабынан каралып баштады.
- Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин мурдагы жетекчиси Динара Кутманова УКМК тарабынан кармалган. УКМК аны мамлекеттик акчаны мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча кеңири коррупциялык тармакты уюштурууга шектеп жатат.
- Мурдагы министрдин уулу Кемелбек Кутманов коррупция жана бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу фактылары боюнча кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө экс-министр Динара Кутманованын уулу Жаратылыш ресурстары министрлиги менен Фондунун ишине түздөн-түз кийлигишкендиги жана Долбоорду каржылоонун суммасынын 10 пайыз өлчөмүндө «откат» түрүндө алып тургандыгы боюнча түз далилдер алынган.











