Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда экс-президент Алмазбек Атамбаевге козголгон эки кылмыш иши боюнча соттук териштирүү уланууда. Ага саясатчы жеткирилди.
«Бул сот мага кысым көрсөтүп жатат. Соттук процессти менсиз өткөргүлө», — деди мурдагы өлкө башчысы. Андан кийин Атамбаевдин сот залына келген тарапташтары «позор» деп кыйкыра башташты. Экс-президент судья сүйлөп жаткан учурда айнек тосмону дагы тепкилеп, сот залынан чыгарылды.
Ал Калыс-Ордо конушундагы мектеп курууда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана түрк жарандарына мыйзамсыз паспорт берген деп айыпталууда.











