Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сотко алып келинди (видео)

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге козголгон эки кылмыш иши боюнча соттук териштирүү уланууда.

Ал Калыс-Ордо конушундагы мектеп курууда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана түрк жарандарына мыйзамсыз паспорт берген деп айыпталууда. Алмазбек Атамбаев Тез жардам унаасы менен колониядан сотко алып келинди.