Мурманск шаарында адам өлтүрүүгө шектелген кыргызстандык изделүүдө

Мурманск шаарында 2006-жылы адам өлтүрүүгө шектелген кыргызстандык жаран изделүүдө. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 2006-жылдын июнь айында облустун борборундагы Полярные Зори көчөсүндөгү турак үйдүн батирлеринин биринен зомбулук менен өлтүрүлгөн адамдын жансыз денеси табылган. Андан кийин бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, анын бети ачыла элек. Бирок бүгүн Орусиянын Тергөө комитетинин Мурманск облусу боюнча тергөө башкармалыгынын кызматкерлеринен кылмышка шектүү делген 45 жаштагы кыргызстандык Муззофар Пазылов шектелип жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. 

«Пазыловдун учурда кайсы жерде экени белгисиз. Эгерде кимде-ким шектүүнүн жүргөн жери тууралуу маалыматка ээ болсо, төмөнкү телефондор аркылуу маалымат берсеңиз болот: 8 921 040 07 04 (күнү-түнү иштейт); 8 8152 403 938, 8 8152 403 957 же 102. Купуялуулукка кепилдик берилет”, — деп айтылат маалыматта.