Биринчи Май райондук сотунда мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин баш коргоо чарасы каралды. Анын жыйынтыгында Абылгазиев 26-мартка чейин камакта калтырылды.
Буга чейин Абылгазиевди сот имаратына арткы эшик менен алып киришкени белгилүү болгон.
Сот имаратына анын тарапташтары чогулуп, Абылгазиевди эркиндикке чыгарууну талап кылышкан.
Абылгазиев мыйзамсыз баюу жана коррупцияга шектелип, 26-январда камакка алынган болчу.