Балдар аянтчасында кызга кол көтөргөн эркектин окуясы. Милиция 13 күндөн бери териштирүү бүтө электигин айтат
Кечээ, 27-июль күнү социалдык тармактарга Бишкектеги соода борборлорунун биринде балдар оюн зоок жайында мушташкан балдарды ажыраткан кызга кол көтөрүп, коркуткан эркек кишинин видеосу" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/balasyna-bolushup-baldar-menen-mushtashtyryp-ajyratkan-kyzga-kol-kotorgon-erkektin-videosu-tarady-video/">видеосу жарыяланган. Маалыматка ылайык, окуя Ала-Арча соода борборунда орун алып, жабырлануучу 14-июль күнү райондук милиция бөлүмүнө кайрылган. Бирок 12" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/kyzdy-jumushtan-kiiin-karmap-oltyrom-dep-korkutkan-balasyna-bolushkan-ata-kyzdan-bashka-kyzmatkerge-da-kol-kotorgon-video/">12 күндөн бери эч кандай жыйынтык болбой жатканын жабырлануучу билдирген.
Аталган окуя боюнча Ленин РИИБ төмөнкүдөй маалымат берди.
- Аталган окуя боюняа 14-июль күнү Ленин РИИБге шаар тургуну А.Ч. арыз менен кайрылып, балдар оюн-зоок аянтында кечки саат 18:10 чамасында мушташкан балдарды ажыратканда белгисиз жаран ага кол көтөрүп коркутканын айткан. Аталган факты электрондук китепчеге катталып, тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүүдө. Учурда аталган факты боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат", - деп билдирет басма сөз кызматы.