Балдар аянтчасында кызга кол көтөргөн эркектин окуясы. Милиция 13 күндөн бери териштирүү бүтө электигин айтат

Кечээ, 27-июль күнү социалдык тармактарга Бишкектеги соода борборлорунун биринде балдар оюн зоок жайында мушташкан балдарды ажыраткан кызга кол көтөрүп, коркуткан эркек кишинин видеосу жарыяланган. Маалыматка ылайык, окуя Ала-Арча соода борборунда орун алып, жабырлануучу 14-июль күнү райондук милиция бөлүмүнө кайрылган. Бирок 12 күндөн бери эч кандай жыйынтык болбой жатканын жабырлануучу билдирген.

Аталган окуя боюнча Ленин РИИБ төмөнкүдөй маалымат берди.

— Аталган окуя боюняа 14-июль күнү Ленин РИИБге шаар тургуну А.Ч. арыз менен кайрылып,  балдар оюн-зоок аянтында кечки саат 18:10 чамасында мушташкан балдарды ажыратканда белгисиз жаран ага кол көтөрүп коркутканын айткан. Аталган факты электрондук китепчеге катталып, тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүүдө. Учурда аталган факты боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат«, — деп билдирет басма сөз кызматы.