Муунтуп, кийин көөмп… Кара-Сууда 2 кишини өлтүрүүгө 2 жаран шектелип кармалды

Кара-Сууда бир күндө дайынсыз жоголгон эки кишини өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан маалымдашты.

17-март күнү 20 жаштагы Өзбек жараны Кара-Суу районунун «Достук» өткөрмө бекетинен чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгондугун айтып, анын агасы милицияга арыз менен кайрылган. Дагы бир ошондой арыз менен 17-март күнү Кара-Суу шаарындагы “Туратали” базарында ксерокопия жана компьютердик кызматтарды көрсөтүп иштеген жеринен 36 жаштагы уулу чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Милиция кызматкерлери дайынсыз жоголду деген 36 жаштагы жаран базардан жүргүнчү катары таксиге отуруп кеткендиги такталган. Ал отуруп кеткен автоунааны тактоо учурунда, Ош шаарындагы фирмалардын биринен 1 айга ижарага Өзбекстандын Андижан облусунун 28 жаштагы тургуну алгандыгы аныкталган. Кечээ, 19-мартта унааны ижарага алган жаран жана Сузак районунун 17 жаштагы тургуну кармалышты.

Тергөө учурунда 17-март күнү Өзбек жараны «Достук» өткөрмө бекетинен чыккан учурда эки кармалган жаран Хонда Фит үлгүсүндөгү автоунаасысы менен өзүн такси кызматкери катары көрсөтүшүп, кылмышка шектүүнүн бири жүргүнчү катары автоунаанын арткы орундукта отурган. Автоунааны кылмышка шектүүнүн бири башкарып, Ош шаарын көздөй бара жатып, жүргүнчү катары бара жаткан шектүү жарандан акчасы бар же жоктугун сураган учурда, ал акчасы жоктугун айткан. Шектүү жарандын желкесине уруп, акча талап кылган, андан кийин атайын даярдалып алып келген жип менен жаранды мойнуна салып муунтуп өлтүргөн. Маркумдун жанынан 7 миң сом акча, 100 доллар, 1 телефонун алышкан. Андан кийин Өзгөн районуна карай жөнөшүп, кылмышты жаап жашыруу максатында жансыз денени Отуз-Адыр айыл аймагында эгин талаага автоунаа жолунун боюндагы жерди казып көмүп коюшкан. Жабырлануучу жарандын кол сумкасын ичиндеги буюмдары менен ошол жерге өрттөп жиберишкен. Аталган жагдай боюнча 19-март күнү кылмыш иши козголду.

Кылмышка шектүүлөр өздөрүнүн кылмыштуу аракеттерин улантып, ошол эле күнү 17-мартта Кара-Суу шаарында жайгашкан «Туратали» базарына Хонда Фит автоунаасы менен өздөрүн такси кызматкери катары көрсөтүшүп, 36 жаштагы жаранды Ош шаарына жүргүнчү катары алышкан. Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылына жеткенде автоунааны токтотуп, шектүүлөр жарандан бизге акча керек деп сураган, акча жок деп айткан учурда, анда кеттик деп, автоунааны жүргүзүп, жолдо бара жатып, алдын ала даярдалган жип менен жаранды мойнунан муунтуп өлтүргөн. Жабырлануучунун жанынан 6 миң сом акча, ноутбук, 1 телефонун, 1 флешкасын алып, жарандын жансыз денесин Кара-Суу районунун автоунаа өтүүчү жолдун батыш тарабына сайдын боюна жерди казып көмүп коюшкан. Бул факты боюнча да 19-мартта кылмыш иши козголду.

Тергөө учурунда шектүүлөр күнөөлөрүн толугу менен моюнуна алышып, Кара-Суу РИИБдин убактылуу изолятор жайына киргизилди. Кылыш иштер боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.