«Муздан тайып кеттим». Бишкекте аял аны милициянын унаасы сүзбөгөнүн билдирди

Кечээ, 17-декабрда «Бишкектин Москва көчөсүндө милициянын унаасы жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти» деген видео жарыяланган. 

Бул боюнча Милициянын кайгуул кызматынан маалымат беришип, чындыкка дал келбей турганын, милиция кызматкерлери Москва көчөсүндө кетип бара жатышып, жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан аял кишинин тайып кулап кеткенин көрүп, ага жардам берүүгө аракет кылганын билдирди.

Видеодогу аял да муздан тайып кулап кеткенин айтып, эч кандай дооматы жок экенин айтты.