Кыргызстандан Түркияга эжесинин паспорту менен учууга аракет кылган аял кармалды

Кечээ, 23-июнда «Манас» аэропортунун көзөмөл өткөрүү жайынын чек арачылары мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган Кыргыз жаранын кармады. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек-Стамбул рейсин каттоого алуу учурунда 1979-жылы туулган Кыргыз жараны чек ара кезметине 1977-жылы туулган жарандын паспортун көрсөткөн. Текшерүү учурунда паспорт көрсөткөн жаранга таандык эмес экендиги аныкталган. Андан маалымат алуу учурунда Түркияга учуп кетүү үчүн эжесинин паспортун колдонгондугун мойнуна алды. Ал буга чейин аталган өлкөнүн миграция мыйзамдарын бузгандыгы үчүн өлкөдөн чыгарылган болчу. Тиешелүү иш-кагаздары толтурулган соң кармалган жаран мындан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аймактык тарамдарынын кызматкерлерине өткөрүп берилди.