«Арча-Бешик» конушундагы 5 жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Ал 28 миллион сом турат

Мыйзамсыз берилген Бишкек шаарындагы 28 миллион сомдук жер тилкеси кайра мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Бишкек шаарынын Ленин районунда жүргүзүлгөн прокурордук текшерүүнүн жыйынтыгы менен менчикке мыйзамсыз берилип кеткен баасы 28 миллион 273 миң 693 сомду түзгөн жер тилкелери мэрияга кайтарылды. Анда Ленин райондук администрациясынын кызмат адамдары 2005-жылдын 16-мартында жер мыйзамдарынын талаптары бузуу менен “кызыл” сызык чегинен тышкары жайгашкан, “Арча-Бешик” жаңы конушундагы 5 жер тилкесин турак үй куруу үчүн мыйзамсыз түрдө жеке жактарга берип жиберишкени аныкталган.

Прокуратура көрсөтүлгөн жерлерге мыйзамсыз берилген укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерди жокко чыгаруу жөнүндөгү прокурордук акты менен сот органдарына кайрылган. Кароонун жыйынтыгында доо арыздар толук канааттандырылып, жер тилкелери мамлекеттин менчигине алынды.