УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинде (Документтердин жасалмасын жасоо) каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Лейлек районунун Раззаков шаарында жасалма лицензиянын негизинде мыйзамсыз иштеп жаткан стоматологиялык борбордун ишмердүүлүгү токтотулду.
Медициналык борбор колдонгон лицензия Саламаттыкты сактоо министрлигинин лицензиялардын жана уруксаттардын мамлекеттик реестринде жок экендиги аныкталды. Медициналык борбордун ээси Лейлек районунун Раззаков шаарынын Х.А. аттуу тургуну жана андан башка медициналык кызматты дагы эки кызматкер көрсөткөн. Ошол эле учурда борбордун кызматкерлерин салык органдарына каттоо жасалма лицензиянын негизинде жүргүзүлгөн.
Тинтүү учурунда көрсөтүлгөн жасалма лицензия жана башка документтер табылып алынды. Медициналык пункттун ишмердүүлүгүндө ошондой эле санитардык нормаларды бузуу фактылары аныкталган. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы менен тиешеси бар адамдарга чара көрүлөт. Бүгүнкү күндө тергөө иштери уланууда.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында УКМК тарабынан Панфилов атындагы парктын аймагында жайгашкан жалпы аянты 0,48 га болгон муниципалдык жер тилкесин жеке менчикке...
УКМК тарабынан ИИМдин Ички чалгындоо кызматы менен биргеликте Араван райондук ИИБнын коомдук коопсуздук кызматынын нөөмөт бөлүмүнүн жана убактылуу кармоочу жайын...
Ысык-Атада ден соолукка атайылап залал келтирген шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 31-июлда саат 14:00 чамасында №341...
Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын, Кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан «Притон» аталышындагы ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. ИИМдин кылмыштуулукту жана...
Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК тарабынан...