«Мүрзөдө табылган жансыз дене». Чүйдө буйрутма жолу менен киши өлтүрүүнүн бети ачылды (видео)

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Чүй ОИИБ жана Аламүдүн РИИБдин ыкчам кызматкерлери уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин катоосунда турган адамдар тарабынан буйрутма киши өлтүрүү фактысын аныкташты. Бул тууралуу аталган облустук милициядан билдиришти.

Ушул жылдын 25-апрелинде милицияга Арашан айылындагы көрүстөндөрдүн биринен зомбулук менен өлтүрүлгөндүн европа түспөлүндөгү адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Милиция кызматкерлери тарабынан бул адамдын бир нече жолу соттолгон, 1993-жылы туулган жаран экени аныкталган. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинде (киши өлтүрүү) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Бул кылмышка шектелип бир катар адамдар, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган адамдар да кармалган.

Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, кылмыш жабырлануучу адам менен чогуу жашаган аялдын буйругунун негизинде жасалганы, ал жерде экөөнүн ортосундагы чырдан улам аял баласына жардам сурап кайрылганы аныкталган. Бул окуяда жабыр тарткан адам бир нече жолу соттолуп, жанына дайым бычак алып жүргөндүгүнө байланыштуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө кайрылышкан. Ошентип, бул кылмышка шектүүлөр 24-апрелде саат 23:30дар чамасында Бишкек шаарындагы кичи райондордун биринен адамды унаага салып, Арашан айылында жайгашкан көрүстөндөрдүн биринен денесине залал келтиришип, ал алган жараатынан каза болгон.

Ошол эле учурда милиция кызматкерлери, бул аял жабырлануучу адам абакта отурганда телефон аркылуу сүйлөшүшүп жүрүп, эркиндикке чыккандан кийин чогуу жашай баштаганын аныкташкан. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан төмөнкүлөр камакка алынды:

— А.Г., 1971-жылы туулган, адам уурдоо жана киши өлтүрүүнү уюштуруучу;
— К.М., 2001-жылы туулган, өлтүрүлгөн адамды уурдоого катышкан кылмышка шектүүнүн уулу;
— А.А., унаанын айдоочусу, кылмышка шектүүнүн баласынын досу;

— У.М., 1975-жылы туулган, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, мурда бир нече жолу соттолгон, адам уурдоо жана адам өлтүрүүгө катыштыгы бар.

Кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иштин материалдарынын негизинде башка тиешелүү адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.