Кыргызстанга Өзбекстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан тиричилик буюмдары аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бажы кызматкерлери Баткен облусунун Кадамжай районундагы «Көк-Талаа» көзөмөл пунктунда VOLVO PH12 үлгүсүндөгү автотранспорт каражатын токтотуп текшеришкен. Транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда ЕАЭБтин бажы аймагына Өзбекстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан ар кандай тиричилик буюмдары (шыпыргы, чоюн казан жана идиш-аяктар) табылган. Кармалган товарлардын жалпы наркы 4 миллион сомдон ашык.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КРдин мыйзамдарына ылайык сотко чейинки өндрүштөр жүргүзүлүүдө.











