Нарын дарыясына агып кеткен 19 жаштагы жигит изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Бүгүн, 22-июлда Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Үгүт айылында аймагындагы Мыкачы тилкесинде 2003-жылы туулган жаран Нарын дарыясына түшуп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө Ак-Талаа райондук №47 Өрткө каршы бөлүктөн 5 куткаруучу тартылган.