Нарын дарыясына агып кеткен 8 жаштагы бала изделүүдө

Кечээ, 8-март күнү Нарын районунун Орто-Нура айылында 8 жаштагы бала балдар менен ойноп жатып Нарын дарыясына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ал жерге 31 куткаруучу, 60 жергиликтүү тургун, 23 милиция кызматкери тартылып, жалпы 55 чакырым аралыкта издөө иштери жүргүзүшкөн. Бүгүн, 9-мартта издөө иштерин улантуу үчүн 27 куткаруучу тартылды.